Нарын шаарында жаңы мектеп курулат

Нарын шаарында жаңы мектеп курулат. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Ак-Коргон аймагындагы №9 орто мектептин жаңы имаратынын курулушун баштоого 1 миллион сом бөлүндү.

 

Аталган билим берүү мекемесинин имараты учурунда дүкөн катары салынып, кийин мектеп болуп өзгөртүлгөн. Мектептин типтүү эместиги, тардыгы көп жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келген.