Жалал-Абад облусунун Жеңижок айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунун Жеңижок айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайда болот.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, учурда жумуштар

планга ылайык жүрүп жатат жана объекттин даярдыгы 90 пайызды түзөт.

Тышкы жасалгалоо иштери аткарылып, класстарга жабдуулар жана эмеректер

орнотулууда. Имаратта окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук, акты залдары,

ошондой эле жабдуулары менен химия, физика, информатика класстары болот.

Долбоордун сметалык наркы 870 миң доллар. Каражат чет элдик фонд тарабынан берилет.