Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жыл курулган мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жыл курулган мектеп ачылды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, Барпы айылында жайгашкан

жаңы билим берүү мекемеси 420 орунга ылайык. Долбоорду ишке ашырууга

50 миллион сом багытталды. Каражат республикалык бюджеттен берилди.

Эске салсак, аймактагы буга чейинки 320 орундуу мектепке окуучулар батпай калган.