Москва районунда жаңы мектеп ачылды.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпы билим берүү мекемеси
Бала-Айылчы айылында жайгашат. Мектеп 150 окуучуга чакталды.
Объектини куруу иштери 2014-жылы башталган. Бул жерде билим алуу үчүн
бардык шарттар түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 40 миллион сомдон
ашык каражат багытталды. Сумма мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилди.