Баткенде 45 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды

Баткенде 45 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, чек ара жаңжал учурунда гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон берилди.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктарын билдирди.

Былтыркы жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусундагы 426 үй жараксыз болуп калган.