Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аппараттар Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарына орнотулат.
Белгиленгендей, жабдуулар көп функционалдуу жана бейтаптарды кароодо анализдерди так жүргүзө алат.