Россия  чек араларын толугу менен жабат

Россия  чек араларын толугу менен жабат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 30-марттан тарта унаа, темир жол, жөө жана деңиз аркылуу кыймыл убактылуу жабылат. Мындай токтом Россиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

 

Чек арадан дипломаттар, расмий делегациянын мүчөлөрү, жүк ташуучу айдоочу Россиянын жараны болсо өтө алат. Аталган өлкөдө коронавирус менен 1 миңден ашык жаран жабыркады.