“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жүрүп жатат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жүрүп жатат. novosti.kgге Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, адистер Бишкектин 44 тилкесинде камера орнотууга даярданууда.

 

Учурда эксперттер тилкелерди изилдеп, тиешелүү уруксат документтерин алып жатат. Керектүү жабдуулар өлкөгө жеткирилди, шаар бийли уруксат берери менен, аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу башталат.