Баткенде эртеңден тартып коомдук тамактануучу жайлар жабылат

Баткенде эртеңден тартып коомдук тамактануучу жайлар жабылат.

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда,

Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аймактагы ашкана, кафе, ресторан,

бал муздак сатуучу жайлар убактылуу жабылат. Бүгүн район жана шаар аралык

коомдук транспорт токтотулду. Мындан тышкары санитардык-карантиндик

түйүндөргө такси кызматтарын облус аймагынан чыгарбоо тапшырмасы берилди.

Талапты аткарбаган айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлөт.