Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди

Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди.

Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында,

өкмөт тарабынан 1,5 миң кычкылтек концентраторлору сатылып алынды.

Анын 1 миң 300ү толук кандуу иштеп жатат, калган 200ү эртең жеткирилет.

Боронов кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 3 миңден ашык дем алдыруучу

аппарат бар. Жакында дагы аталган жабдуулар өлкөгө келиши күтүлүүдө.