Өлкөдө пневмониянын күч алышы дезинфекциялоочу каражаттардан эмес

Өлкөдө пневмониянын күч алышы дезинфекциялоочу каражаттардан эмес.

Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишендирүүдө. Андан белгилешкендей,

санитардык-гигиеналык тазалоо иштерине жумшалуучу каражаттар Саламаттыкты сактоо

министрлигинин жана эпидемиологлордун көрсөтмөсү менен даярдалат. Курамында хлор бар

дезинфекция үчүн даярдалган каражаттардын сертификаттары бар. Иштер бардык

талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, соцтармактарда айрым

колдонуучулар дезинфекциялоодон кийин пневмониянын күчөп жатканын билдиришкен.