Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунда жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала кечээ кечинде катталып,

очогунда күчү төрт жарым баллга жетти. Жер титирөө Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо,

Кочкор, Семиз-Бел айылдарында — төрт балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз,

Орто-Токой айылдарында – үч жарым баллга чейин сезилди.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.