Баткенден “Алтын балалыкка” эс алууга 150 бала жиберилди

Баткендеги аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алууда.

Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Баткенден 150 бала жиберилген.

Балдардын 10 күндүк эс алуусу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат.

Алар көлдө 20-30-июнь аралыгында болуп, ар кандай маданий жана көңүл ачуусу программаларга катышат.

Ошондой эле балдар менен психологдор иш алып барат.