Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 25 үй курулду.
Турак жайга Аримжан айылынын тургундары ээ болушту.
Жаңы үйлөрдө калктын социалдык жактан аялуу катмары, анын ичинде жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Мындан тышкары, айылда 100 орундуу тигүү цехи, наабайкана, фельдшердик-акушердик пункт, дүкөндөр, кичи футбол аянтчасы курулду.
Курулушту Кувейттин коомдук уюму каржылады.