Кыргызстанда 600дөн ашык коомдук тамактануу жана соода жайлар текшерилди

Кыргызстанда 600дөн ашык коомдук тамактануу жана соода жайлар текшерилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, рейддерди аймактык ооруларды алдын алуу борборлору жана санэпидем көзөмөл инспекциясы жүргүздү.

 

Аныкталган бузуулар боюнча 200дөн ашык протокол түзүлүп, 1 миллион сомдон ашык суммага айып салынды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык объектилердин ээлерине санитардык талаптарды аткарууну сунуштайт.