Баткенден чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылына акысыз кичи автобустар жүрүп баштады

Баткенден чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылына акысыз кичи автобустар жүрүп баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Транспорт Баткенден Ак-Сайга эртең мененки саат 8.40та чыкса, кайра Баткенге кечки саат 5те кетет. Каттамдын узундугу 40 чакырымды түзөт. Жергиликтүү администрациядан белгилешкендей, бул каттам боюнча коомдук транспорт кое берүү суранычы менен тургундар кайрылышкан.