Ошто “Балажан” бакчасынын кошумча корпусу ачылды

Ошто “Балажан” бакчасынын кошумча корпусу ачылды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Курманжан — Датка” аймагында жайгашкан.

 

Курулуш иштерине каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Муниципалитеттен белгилешкендей, жакынкы арада Оштун башка кичи райондорунда дагы бала бакчалар пайда болот.