Мухаммед Абдуллаев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге утту

Кыргыз балбаны Мухаммед Абдуллаев Болгариянын борбору София шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту.

 

Дүйнө чемпиондугуна 79 килограмм салмакта катышкан Мухаммед Абдуллаев коло байге үчүн Сослан Тигиев менен кез келип, 18:10 эсебинде жеңишке жетти.

Мухаммед Абдуллаев быйыл Бишкекте өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.