Кыргызстандык балбан алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды.
Орозбек Аширов 100 киллограм категориясына чейинки салмакта мелдештин
чейрек финалынан баштап катышкан. Финалдык кармашууда Орозбек Аширов
монголиялык спортчуну жеңип алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду.
Турнир кечээ Казакстандын Нур-Султан калаасында жыйынтыкталды.