Министрлер кабинети менен Германия өнүктүрүү банкы дээрлик 15 миллион евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюшту.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бул каражат айыл жеринде жашаган аз жана орто кирешелүү үй-бүлөлөр үчүн турак жай курууга жумшалат.
Келишимдин шарттарына ылайык, ипотекалык компания акчаны эки жылдын ичинде үч транш менен сегиз айда бир жолу алып турат.