Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулду. Ведомство жетекчисинин милдетин Каныбек Иманалиев аткарат. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамбетакуновдун кызматтан кеткен себеби белгисиз. Ал министрлик кызматка былтыр 7-ноябрда дайындалган, ага чейин орун басар болуп иштеп жаткан. Каныбек Иманалиев болсо Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты болгон.