Айыл-чарба министрлиги пияздын экспортуна киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады

Айыл-чарба министрлиги пияздын экспортуна киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, өлкөнүн ай сайынкы ички керектөөсү 6 миң тоннаны түзөт, ал эми фермерлерде учурда 50 миң тонна запаста бар.

 

Андан тышкары, апрель айында жаңы түшүм алынат. Бул өз кезегинде азыктын ашыра көп болуусуна алып келип, дыйкандар зыян тартат.

 

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, Кыргызстанда пиязы экспорттого февралдын башында тыюу салынып, ал апрелдин аягына чейин күчүндө болот.