Быйыл Кыргызстанда 10 билим берүү мекемеси “Акылдуу мектеп” долбооруна кошулат.
Бул тууралуу Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек билдирди.
“Ал 4 компонеттен турат. Биринчиси бул, электрондук чөйрө, экинчиси
электрондук мугалим, үчүнчүсү электрондук каражаттар жана төртүнчүсү
электрондук тейлөө деп аталат. Мына ушул 4 компонент болгондо биз аны
толук кандуу акылдуу мектеп деп айта алабыз. 10 мектепти көрсөтүп,
ноябрь айына чейин алып чыксак, андан ары планга ылайык 2020-2022-жылга
карата анын санын сөзсүз түрдө көбөйтөбүз. Бардык региондорду камтыйбыз”.
Белгилеп кетсек, “Акылдуу мектеп” системасына ар бир облуста 1ден мектеп,
ошондой эле Бишкекте 2, ал эми Ошто 1 билим берүү мекемеси кошулат.