Кыргызстан мугалимдерине эмгек өргүү акылары толугу менен төлөнүп берилди.
Учурда бир гана Бишкектеги педагогдорго техникалык себептерден улам төлөмдөр толугу менен
бериле элек, — деди Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева. Анын айтымында, бул максатта
бюджеттен 744 миллион сом бөлүндү. Андыктан, маселе жакынкы арада чечилет, — деди министр.