Билим берүү министрлиги Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы мектеп аралык
“Менин сүйүктүү Кыргызстаным” онлайн-акциясын уюштурат. Иш-чара 1-сентябрга чейин созулат.
Акциянын алкагында ар түрдүү сынактар, викториналар, бий марафону, ошондой эле
“Ким? Кайда? Качан” дистанттык оюну өткөрүлөт. Жыйынтыгы 2-сентябрда чыгат.
Жеңүүчүлөр министрликтин дипломдору менен сыйланат.