Биринчи класстын окуучулары күн сайын мектепке барып окуйт

Биринчи класстын окуучулары күн сайын мектепке барып окуйт.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен айтып беришти. Ведомстводон белгилешкендей, азырынча ушундай вариант каралып жатат.

 

Санитардык кызматтар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп, зарыл болсо, өзгөртүүлөр киргизилет. Эске салсак, быйыл биринчи класска 156 миң 430 бала барат. Алар кадимки форматта окуйт, калган окуучулар аралыктан билим алат.