Өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо быйыл өзгөчө форматта өтөт

Өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо быйыл өзгөчө форматта өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүтүрүүчүлөр салтанаттуу линейкага чогулбайт, бирок куттуктоолорду онлайн түрүндө алышат.

 

Республикалык каналдардан “Мен бүтүрүүчү” акциясы кое берилет. Ага бардык каалоочулар кошулуп, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин айта алат. Эске салсак, быйыл өлкө мектептеринде онлайн окуу процесси 25-майда эмес, 30-майда аяктайт.