Бишкекте тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клуб жана башка көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат

Бишкекте тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клуб жана башка көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов жарыялады. Ал белгилегендей, эгер карантин режими бузулса,  “Түндүкэлектр” жана “Бишкек суу каналы” ишканаларына жарыкты, сууну өчүрүүгө тапшырма берилет.

 

Ошондой эле балдарга оюн-зоок уюштурган жайлар, оюн аянтча, футбол талааларынын иштөөсүнө тыюу салынат.

 

Андан тышкары,   парк, сквер, бульварга келүүгө чектөө киргизилди. Талаптар аткарылбаса, жарандарга эскертүүсүз айып салынат.