Окуучулардын 20 пайызы сабакка келбесе мектеп карантинге жабылат

Окуучулардын 20 пайызы сасык тумоого байланыштуу сабакка келбесе мектеп карантинге жабылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг жүргүзүүдө.

Министрлик азыр эл көп чогулган жерлерге барбай туруу керектигин эскертти.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата карата Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды.