«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы 8,5 миллиард сомго көбөйтүлөт.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, «Менин үйүм — 2021-26» программасын ишке
ашыруунун алкагында атайын жыйын уюштурулду. Анда компаниянын актуалдуу маселелери
талкууланды. Ошондой эле аталган программаны ишке ашыруу үчүн каржы министрлигине
марттын аягына чейин каражат бөлүп берүү тапшырылды.