Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт – эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт – эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

 

Жаңы окуу жылына даярдык болуп жатат. Эгерде кырдаал жөнгө салынып, бардыгы коопсуз болсо, биз кадимки эле реалдуу режимде окуйбуз. Ар кайсы вариантка даяр болушубуз керек экен. Ошондуктан биз азыр команданы топтоп, кошумча окуу ресурсу даяр болушу үчүн  телесабактарды тартып, электрондук ресурстарды даярдай беребиз. Бирок дагы бир жолу баса белгилеп кетким келип атат – биз кадимки, реалдуу режимге даярданып атабыз

 

Эске салсак, өлкө мектептеринде төртүнчү чейрек онлайн форматта өттү.