Боомдогу жолдор болжол менен кечки саат 18.30да ачылат

Боомдогу жолдор болжол менен кечки саат 18.30да ачылат.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азыр сел жүргөн жерде бир нече атайын техникалар иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык.