“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабында 306 камера орнотулат

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабында 306 камера орнотулат.

Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев novosti.kgге билдирет.

Анын айтымында, октябрдан тарта жабдууларды орнотуу республика

боюнча жүрөт. Камералар учурда тесттик-сыноо режимден өттү.

Статистика боюнча жолдо жүрүү эрежелери көп катталган аймактарга

басым жасалат. Орнотуу иштерин кытайлык компания ишке ашырат, — деди Сатыбалдиев.

Белгилеп кетсек, аталган долбоордун 1-этабында 110 аппараттык-программалык

комплекстер орнотулган. Анын 90у стационардык болсо, 20сы кыймылдуу.