«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи келди

«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи болуп Урмат Карыбаев дайындалды.

Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Урмат Карыбаев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Буга чейин коомдук башталышта Мамкурулуштун директорунун кеңешчиси болуп иштеген.

2009-жылдан бери Архитекторлор союзунун мүчөсү.