Каракол шаарын өнүктүрүү программасындагы долбоорлор быйыл ишке аша баштайт

Каракол шаарын өнүктүрүү программасындагы долбоорлор быйыл ишке аша баштайт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Акылбек Жапаров аталган шаарды өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты.

Анда жалпы суммасы 885 миллион сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Долбоорго ылайык, бюджетке киреше алып келүүчү — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү пландарга басым жасалат.

Мындан сырткары, шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.