Кытай Кыргызстанга 650 миллион юань жана 1 миллион дозада вакцина берүүгө даяр

Кытай Кыргызстанга 650 миллион юань жана 1 миллион дозада вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

 

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

 

Белгилеп кетсек, 100 миллион долларга барабар каржылык колдоо Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде берилет деп пландалууда.