Коронавирус менен күрөшүүдө каза тапкан медицина кызматкерлерине эстелик орнотулат

Коронавирус менен күрөшүүдө каза тапкан медицина кызматкерлерине эстелик орнотулат. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим “кийинки муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташканын билиши үчүн” кабыл алынды.

 

Ковид менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди чагылдырган айкелдин долбоору тартууланды.

 

Бишкек мэриясы эстеликти орнотууга жер аныкташы керек.