Балдардын музыкалык мектептерине сабактардын бир бөлүгүн кадимки форматта өткөрүүгө уруксат берилди

Балдардын музыкалык мектептерине сабактардын бир бөлүгүн кадимки форматта өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу 24 агенттигине Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди.

 

Анын айтымында, пианино, скрипка, комуз жана башка бир катар адистиктер боюнча сабактар окуучуларга кадимки форматта өткөрүлөт. Бирок окуу жайлар окуучулар жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздашы керек, — деди Жаманкулов.