Бишкек мектептери китептер менен 72 пайызга камсыз

Бишкек мектептери китептер менен 72 пайызга камсыз.

Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында,

китептер менен камсыздоо билим берүү министрлиги жана жергиликтүү

бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. Быйыл окуу куралдарын сатып алууга

24 миллион сом багытталды. Анын ортосунда, мектептерди толук камсыздоого

218 миллион сом керек. Андан тышкары, Мозгачева белгилегендей,

китептердин жетишсиздигине окуучулардын саны көбөйгөнү себеп.

Акыркы 3 жылда окуучулардын саны 24 миңге көбөйдү.