Бишкек мэриясы 3 мектептин ашканасында масштабдуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт.
Кеп, №18, №81 жана №69 билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Аларда
ремонттук иштер жүрүп, инженердик коммуникациялардын бары жаңыланат.
Ошондой эле заманбап тамак-аш даярдоочу жабдуулар орнотулат.
Аталган долбоорлорго шаар бюджетинен 12 миллион сом бөлүнөт.