Ордо калаада авариялык оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн кечки саат 6га чейин айрым үйлөрдө жылуулукту берүү деңгээли төмөндөтүлдү

Ордо калаада авариялык оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн кечки саат 6га чейин айрым үйлөрдө жылуулукту берүү деңгээли төмөндөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, Будённый, Гражданская, Гоголь, Сыдыков, Карпинский, Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн бириктирген бөлүктө жана Чүй проспектисинде чектөөлөр киргизилди.

 

Ал эми ысык суу адаттагыдай эле берилет. Адистер келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.