Кыргызстанда 3 миңден ашык дыйкан “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген жалпы сумма бир миллиард сомдон ашат.
Каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарына багытталган. Ведомстводон эске салышкандай, долбоордун алкагында быйыл 5 миллиард сом каралды.