Бишкектеги №36 автобустун жүрүү каттамы өзгөрдү.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эми аталган номурдагы коомдук унаа
Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүнө кирбейт. Ауэзов көчөсүнө чейин түз барат.
Тагыраагы, №36 автобус Ак-Өргөдөн — Ауэзов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт