Кыргызстанда келе жаткан жылдын 1-январынан тарта милдеттүү ОСАГОну киргизүү пландалууда

Кыргызстанда келе жаткан жылдын 1-январынан тарта милдеттүү ОСАГОну киргизүү пландалууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, айдоочулар жолинспекторлоруна күбөлүк жана техпаспорттон тышкары, камсыздандыруу полисин дагы көрсөтүшү керек болот.

 

Ал жок болсо, унааны башкарууга тыюу салынат. Тиешелүү токтом коомдук талкууга чыгарылды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда милдеттүү ОСАГО жөнүндө мыйзам улам киргизилип, улам жылдырылып келет.