Бишкек – Ош трассасында кыймылга чектөөлөр жок.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей,
Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин желдетүү системасын
оңдоо иштери аягына чыкты. Учурда инженерлер бетондук
негиздерди жана дренаждык системаларды орнотууда.
Бардык жумуштар сентябрдын аягында соңуна чыгат.