Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, вирустарга кабылуу учурлары дээрлик 2 эсе азайды.
Бирок сырттагы катуу суук иммунитетке таасирин тийгизиши мүмкүн.
Андыктан, жарандарга беткап режимин, жеке гигиенаны сактап, бөлмөлөрдү желдетип туруу сунушталат.