Бишкек-Ош жолунун «Сосновка» түйүнүндө жана Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош жолунун «Сосновка» түйүнүндө жана Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Ал аба-ырайынын шарттары жакшырмайынча күчүндө болот, — дешти  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

 

Ведомстводон такташкандай, учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Жолду тазалоого атайын техника тартылып, инерттүү материалдар себилүүдө.