Ошто муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылат

Ошто муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылат. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатта Материалдык резервдер мамлекеттик фондунан 141 тонна ун бөлүнгөн.

 

Учурда азыкты бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.