Кыргызстан ооруканаларында коронавируска кабылгандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда даярдалган 8 миң орундун 4,5 миңи колдонулууда. Аларды дарылоо үчүн бардык зарыл жабдуулар дагы бар. Эске салсак, ведомство дээрлик 50 миллион сомго өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу ниетинде.