Бишкек шаардык кеңешине шайлоолордон жеңишке жеткен партияларга күрөө акысы кайтарылбайт

Бишкек шаардык кеңешине шайлоолордон жеңишке жеткен партияларга күрөө акысы кайтарылбайт. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиянын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.

 

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, каражат шайлоолордон добуштардын 15 же андан көп пайызын алганда гана кайтарылат. Бул учурда бир дагы саясий партия бул көрсөткүчтү чогулта алган эмес.

 

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешке 6 саясий уюм өттү. Ал эми жалпысынан 25 партия ат салышкан. Ар бири 50 миң сомдон күрөө акысын төккөн. Муну менен шаардык казына 1 миллион 250 миң сом менен толукталат.